Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

Жумушчулардын коопсуздугу артыкчылыктуу («Эти Бакыр Терексайдын эмгекти коргоо аймагындагы саясаты)

Ар бир кызматкерди коргоо – «Эти Бакыр Терексай» компаниясынын артыкчылыктуу багыты. Бул максатта компанияда техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо оюнча бөлүм иштейт. Кенде иштеп баштаардын алдында ар бир кызматкер эмгекти коргоо боюнча үч күндүк семинардан өтөт жана кооптуу тилкелерде коопсузду техникасын сактоо боюнча эрежелерди тереӊ үйрөнөт.

«Коопсуз аткарууга мүмкүн болбогончолук өтө шашылыш же өтө маанилүү жумуш жок».

«Эти Бакыр Терексай» компаниясынын эмгекти коргоо, өнөр жайлык коопсуздук айлана-чөйрөнү коргоо аймагындагы саясаты төмөнкү принциптерге негизделген:

Бардык аварияларды жана кырсыктарды болтурбай коюуга болот;

Эгер коопсуз аткарууга мүмкүн болбосо, эч кандай жумуш башталууга тийиш эмес.

Өндүрүш коопсуздугун камсыз кылуу – башкаруунун бардык деӊгээлдериндеги жетекчилердин тике жоопкерчилиги;

Өндүрүш коопсуздугунун талаптарын аткаруу – бардык кызматкерлердин жоопкерчилиги.

Семинар аяктагандан кийин ар бир кызматкер техникалык коопсуздук эрежелерин билүү боюнча тест тапшырат.

Эсиӊизде болсун! Ишенимдүү коопсуздук – бул кокустук эмес. Кандайдыр-бир жумушту баштоодон мурун бир аз убакыт коротуп, тобокелдиктерди жана коркунучту баалап чыгыӊыз, зарыл чараларды кабыл алыӊыз да, өзүӊүздү коркунучка дуушар кылбастан ишиӊизди баштаӊыз.

Жумушчулардын коопсуздугу артыкчылыктуу («Эти Бакыр Терексайдын эмгекти коргоо аймагындагы саясаты)Жумушчулардын коопсуздугу артыкчылыктуу («Эти Бакыр Терексайдын эмгекти коргоо аймагындагы саясаты)

 

 

Похожие новости

 “Эти Бакыр Терексай” ишканасы түшүм майрамына демөөрчүлүк жардам көрсөттү.

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы Актерек айылынын суу чыгарган насосун оңдоп берди

etibakir

«Эти Бакыр Терексай» компаниясы WEF чемпионатын Терек-Сай айылында өткөрүүнү колдоду.

etibakir
%d bloggers like this: