Жакында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылында кыз-келиндер арасында волейбол турнири болуп өттү. Ага төрт айылдын спортчулары катышты: Ак-Терек, Кенчилер, Эсалы Болуш жана Терек-Сай. “Эти Бакыр Терексай” ишканасы Терек-Сай айылынын волейболчуларына каржылык жардам көрсөттү.
Терек-Сай айылынын спортчулары биринчи орунду ээлешти. Бул жеңишке жетүү үчүн чоң аракет кылдык, дейт Терек-Сай айылынын волейбол командасынын машыктыруучусу Саадат Баимбетова.
“Бизде спорт кийимдер жагынан кыйынчылыктар болгон. Жардам сурап “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын жетекчиси Вели Гёкдереге кайрылдым. Ал мени кунт коюп угуп, суранычымды колдоого алды. Баарыбыз абдан сүйүнүп, маанайыбыз абдан жакшы болду. Ушундай колдоо болгон үчүн дагы таймаштын жыйынтыгы биз тарапта болду, деп ойлойм. Биз уттук!”, – деди Саадат Баимбетова.
Терек-Сай айылынын спортчуларынын жеңишине “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын башкы директору Вели Гёкдере дагы абдан сүйүндү. Айылда кыз-келиндердин волейбол командасы бар экенин билип, таң калганын айтты.
“Кыз-келиндер спортко кызыгып жатканы жакшы көрүнүш. Мектеп окуучулар арасында жыл сайын таймаштар болуп турат экен. Бул жылы турнир Терек-Сай айылында болду. Командалар абдан кызык оюн көрсөтүп, көрүүчүлөр дагы көп болду. Терек-Сай айылынын кыз-келиндердин волейбол командасына жардамым тийгенине кубанычтамын”, – деп, билдирди компаниянын башкы директору Вели Гёкдере.
Терек-Сайлык волейболчулар айыл аймак деңгээлинде жеңишке жетишти. Эми Чаткал райондук денгээлдеги таймашка даярданып жатышат.