Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

Вели Гөкдере : “Бул окутуу коллективди бекемдөөгө чоң бир кадам болот, деп ишенем”.

2021-жылдын 31-октябрында, Терек-Сай айылында чыр-чатактуу топтор менен иштөөгө арналган окутуу болуп өттү. Тренингдин ачылышына “Эти Бакыр Терексай” компаниясынын Башкы мүдүрү Вели Гөкдере катышып, бул окутуунун маанисине толктолду. Анын айтымында, дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, жумуштан кеткендердин 70% жетекчилик менен кызматкерлердин тил табыша албагандыгынан келип чыгат.
“Коллективде жылуу маанайдын орношуна ар бир компания кызыкдар. Өзгөчө айыл жергесинде бул чоң мааниге ээ. Анткени тургундардын көбү “Эти Бакыр Терексайдан” иштеп, жергиликтүү эл менен компаниянын ортосундагы мамилеге таасирин тийгизет. Менимче, бул окутуу коллективди бекемдөө менен бирге компаниянын жергиликтүү эл менен болгон мамилесин жакшыртууга чоң бир кадам болуп саналат, деп ишенем”- деп, билдирди Вели Гөкдере.
Белгилей кетсек, тренингди калыбына келтирүү медиациясы боюнча Бүткүл Россиялык ассоциациясынын төрагасы Рустем Максудов жана талаштарды альтернативдик жол менен чечүү боюнча Борбор Азиялык борбордун Башкы мүдүрү Эльвира Боромбаева өткөрдү.
Катышуучулар конфликттин маңызын жана андан чыгуунун жолдорун практикалык негизде үйрөнүшүп, мында нейтралдуу тараптын орду чоң экенине күбө болушту. Окутуу 2 күнгө созулуп, окутуучулар муну менен чектелбестен, катышуучуларга кайсы бир чыр-чатакты чечүүдө онлайн ирээтинде көмөктөшүүгө даяр экенин билдиришти.
Вели Гөкдере : “Бул окутуу коллективди бекемдөөгө чоң бир кадам болот, деп ишенем”.Вели Гөкдере : “Бул окутуу коллективди бекемдөөгө чоң бир кадам болот, деп ишенем”.Вели Гөкдере : “Бул окутуу коллективди бекемдөөгө чоң бир кадам болот, деп ишенем”.Вели Гөкдере : “Бул окутуу коллективди бекемдөөгө чоң бир кадам болот, деп ишенем”.

Похожие новости

Исмаил Шентүрк: Механикалык участокто таланттуу адамдар эмгектенет

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” компаниясынын башкы мүдүрү Вели Гёкдере Терек-Сай айылынын волейбол боюнча чемпиондорун куттуктады.

etibakir

Терек-Сай айылынын жолдоруна күнүнө 4-5 жолу суу чачылат

etibakir
%d bloggers like this: