Эти Бакыр Терексай
Image default
Экономикага кошкон салымыбыз

Терексайга бөлүнгөн инвестициялар

Терексай кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Кыргызстандагы эң эски кен болуп саналат.. Ал 1950-жылдан бери иштеп келе жатат. Бирок, ал пайдалуу эмес жана минералдык ресурстар базасынын түгөнгөндүгүнөн улам токтоп калган. Бул жерде алтын өндүрүү наркы анын рыноктук наркынан дээрлик үч эсе жогору болгон.

2015-жылдын ноябрь айында Терек, Тереккан жана Перевальное кендерин иштетүү боюнча тендерди “Кыргызалтын” ААКтын (25 пайыз) жана түркиялык Эти Бакырдин (75 пайыз) үлүшү бар биргелешкен ишканасы” Эти Бакыр Терексай” жеңип алган. Жеңүүчү кен чыккан жерлерди иштетүүгө берилген лицензия үчүн 20 миллион доллар төлөгөн.

«Кыргызалтын» ААК Эти Бакир менен биргеликте өлкөнүн түштүгүндө рудалардын алтын камтыган концентраттарын иштетүүчү фабрика курууну чечти. Бул процесс жаңы кендерди иштетүүгө мүмкүндүк берет. Көпчүлүк кендер иштетүү ишкананын жоктугуна байланыштуу чыгарылбайт.

Фабриканын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу 2018-жылы башталган жана анын курулушу 2020-жылга чейин бүтүшү керек.

Лицензиялык келишимдин шарттарына ылайык, Терек-Сай айыл окмотунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жаңы фабриканы ишке киргизүүгө чейин жыл сайын 15 миллион сом бөлүнөт. Ал ишке киргенден кийин суммасы 20 миллион сомго чейин көбөйөт.

Өткөн жылы “Эти Бакыр Терексай” ички жолдорду асфальттоого 28,6 миллион сом жана өрттөн жабыркагандар үчүн жаңы үйлөрдү курууга 1 миллион сом бөлгөн. Мындай чечимди жергиликтүү кеңештин депутаттары кабыл алышкан

Похожие новости

“Эти Бакыр Терексай” компаниясы жардамын аябайт!

administrator

«ТЕРЕКСАЙ» КЕНИ $100 МЛН СОМ ИНВЕСТИЦИЯЛАЙТ

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” компаниясы Жалал-Абад облусундагы жардамага муктаж тургундарга азык-түлүк таратты

administrator
%d bloggers like this: