Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

Терек-Сай айылында жайгашкан Чымканаев атындагы мектептин шыбы урап, жабыркагандарга “Эти Бакыр Терекесай” ишканасы жардам көрсөтүүдө.

Маалым болгондой, 2022-жылдын 17-майында саат 12:00дө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы Чымканаев атындагы орто мектебинин биринин окуу классынын шыбы урап түшкөн. Окуя боюнча «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын өкүлдөрүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери маалымат беришти.

Ишкананын жетекчилиги тарабынан тезинен ишкананын дарыгерлерин жана жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн амбулаториялык автоунаа жөнөтүү тапшырмасы берилди. Компаниянын кызматкерлери окуя болгон жерде медициналык жана техникалык жардам көрсөтүштү. Компаниянын жетекчилиги ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында жергиликтүү айыл аймактын жетекчилиги менен тыгыз кызматташып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Бизге жеткен маалымат боюнча, окуяда мектептин мугалими жабыркап, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, Ала-Бука районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. «Мектеп мугалиминин абалы туруктуу, бирок ал дагы 2-3 күн ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө болот, 12 бала катуу шок болгон. Аларды дарыгерлер текшерип, үйлөрүнө кое беришти. Шыптын кулашынан балдар жабыркаган жок, – деп билдирди  ишкананын өндүрүштүк дарыгери Шамыр Таиров. Ишкана жабырлануучунун тезирээк сакайып кетишин кааламакчы.

Ошол эле учурда социалдык тармактарда жана мессенджерлерде бул окуяга “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсынын тиешеси бар деген жалган маалыматтар тарап жатат.

Ушуга байланыштуу компаниянын ишмердүүлүгү Терек-Сай айылындагы Чымканаев атындагы мектепке эч кандай зыян келтире албастыгын расмий түрдө билдиребиз. Бардык өндүрүштүк иштер Терек-Сай айылындагы мектептен жана башка инфраструктуралык объектилерден жетиштүү алыс аралыкта коопсуздук нормаларын сактоо менен жүргүзүлүп жатат. Кендерди бургулоо жана жардыруу иштери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы коопсуздук стандарттарында каралган техникалык нормаларды жана эрежелерди сактоо менен гана жүргүзүлөт.

2022-жылдын 17-майында ишкананын иш планына ылайык, мектепте болгон окуядан кийин, тактап айтканда саат 12:50дө  жардыруу иштери жүргүзүлгөн.

Маалым болгондой, учурда ӨКМдин кызматкерлери мектептин аймагында иштеп, окуянын келип чыгуу себептерин жана жагдайларын иликтеп жатышат.

 

Похожие новости

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы металлургия өндүрүшүнүн кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт!

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы суу чачыраткыч жабдуусун сатып алды.

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” ишканасында 1000 ашуун адам иштейт

etibakir
%d bloggers like this: