Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

Терек-Сай айылында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда жыйын өттү

Бүгүн, 2021-жылдын 13-сентябрында Терек-Сай айылында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана «Эти Бакыр Терексай» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Вели Гёкдеренин катышуусунда жыйын болуп өттү. Ошондой эле жыйынга Чаткал районунун акими Алтынбек Сенирбаев, Терек-Сай айыл округунун төрагасы Болот Ашырбаев жана облустук, райондук укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

Жыйында Мырзабаев көчөсүнүн жашоочулары чаңдын көбөйүп жаткандыгын айтып, экологияга ай сайын мониторинг жүргүзүүнү талап кылышты. «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо башчысы Увасип Аманбаев ар квартал сайын чаң, суу, аба жана топурак анализдери жүргүзүлүп жатканын айтып, документтерди тапшырды.

Мындан тышкары жаш энелер жаш балдар арасында жөтөл жана аллергия көбөйүп жатканын айтышты. Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл балдардын ден соолугун текшерүү үчүн мобилдик дарыгерлер тобун жөнөтүүнү убада кылды.

Жумушка орношуу – тургундарды ойлондурган маселе. Ишкананын башкы директору Вели Гёкдеренин айтымында, учурда ишканада 1119 кызматкер иштейт, алардын ичинен 685 киши Терек-Сай айылынан.

«Бош орундар пайда болгондо Терек-Сай айылынын тургундарына артыкчылык беребиз. Айылда керектүү кадрлар жок болсо гана башка аймактардын өкүлдөрүн иштөөгө чакырабыз», – деди Вели Гөкдере.

Мындан тышкары, тургундар 62 үйдү көчүрүү маселесин көтөрүштү. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, 22 үйдүн гана документтери өз ордунда, калгандарына кызыл китептерди алуу узакка созулат.

62 үйдү көчүрүү маселесин жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу, ошондой эле айылдагы экологиялык абалды көзөмөлдөө үчүн Абсаттар Сыргабаев Чаткал районунун акими Алтынбек Синербаевге Терек-Сай айылында болуп, 10 күнгө чейин жашоону сунуштады. Аким макул болуп, документациядагы көйгөйлөрдү чечүүнү колго алды.

Терек-Сай айылында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда жыйын өттүТерек-Сай айылында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда жыйын өттүТерек-Сай айылында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда жыйын өттүТерек-Сай айылында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда жыйын өттүТерек-Сай айылында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда жыйын өттүТерек-Сай айылында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда жыйын өттүТерек-Сай айылында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда жыйын өттүТерек-Сай айылында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда жыйын өттү

Похожие новости

Министрлер Кабинетинин башчысы Жалал-Абад облусундагы алтын кендерге барды

etibakir

Сатып алуу бөлүмү

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” ишканасынын спортчулары тоо жумушчусу жана металлург VII Спартакиасына катышты

etibakir
%d bloggers like this: