Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

Терек-Сай айылында “Эти Бакыр Терексай” компаниясынын Консультациялык борбору ачылды

Терек-Сай айылында “Эти Бакыр Терексай” компаниясынын Консультациялык борбору ачылды
2021-жылдын 8-июлунда Терек-Сай айылынын Маданият үйүндө “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсынын Консультациялык борборунун ачылышы болуп өттү. Салтанатка “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары Бузурманкул Субанов, айылдык кеңештин депутаттары жана Терек-Сай айылынын жарандык секторунун өкүлдөрү катышты.
Компаниянын башкы директорунун орун басары өз сөзүндө компания менен жергиликтүү тургундардын өз ара байланышын чыңдоо үчүн Консультациялык борбордун маанилүү экендигин белгиледи.
«Жергиликтүү калк менен тыгыз кызматташуу – “Эти Бакыр Терексай”дын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Айыл тургундарынын көйгөйлөрү жана тилектери жөнүндө билип, угуп, мүмкүн болсо чечишибиз керек. Бул саясатты Башкы мүдүрүбүз Вели Гөкдере карманып келет. Элдерге жеңилирээк болушу үчүн Маданият үйүнүн базасында консультация борборун ачтык. Арчасууга барууга баарынын эле мүмкүнчүлүгү жок », – деди Бузурманкул Субанов.
Ошондой эле, Б.Субанов, 2016-жылдан бери “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсы республиканын бюджетине 19 млн АКШ долларын салыктар жана салыктык эмес чегерүүлөр түрүндө төлөгөндүгүн, компания азыркы учуда инвестиция фазасында болгондуктан иш-аракеттер кирешесиз экенин,башкача айтканда учурда жаңы алтын ылгоочу фабриканын куруу иштери 100% Түркиялык өнөктөштүн инвестицияларынын эсебинен гана жүрүп жатакандыгын белгиледи.
Мындан тышкары, компания системалуу түрдө Терек-Сай айылы үчүн социалдык пакет түрүндө жана жергиликтүү калкка жана жамааттарга демөөрчүлүк жардам түрүндө салым кошуп жаткандыгын,социалдык пакетке чегерүүлөр 75 миллион сомду ал эми демөөрчүлүк жардамдын суммасы акыркы 6 жыл ичинде 35 миллион сомду түзгөндүгүн айтып өттү.
Ачылыш аземинде айымдар кеңешинин, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү жана буга чейин “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнын колдоосун алган өнөктөштөр тарабынан да жылуу каалоолор айтылды.
Терек-Сай айылында "Эти Бакыр Терексай" компаниясынын Консультациялык борбору ачылдыТерек-Сай айылында "Эти Бакыр Терексай" компаниясынын Консультациялык борбору ачылдыТерек-Сай айылында "Эти Бакыр Терексай" компаниясынын Консультациялык борбору ачылдыТерек-Сай айылында "Эти Бакыр Терексай" компаниясынын Консультациялык борбору ачылдыТерек-Сай айылында "Эти Бакыр Терексай" компаниясынын Консультациялык борбору ачылдыТерек-Сай айылында "Эти Бакыр Терексай" компаниясынын Консультациялык борбору ачылдыТерек-Сай айылында "Эти Бакыр Терексай" компаниясынын Консультациялык борбору ачылдыТерек-Сай айылында "Эти Бакыр Терексай" компаниясынын Консультациялык борбору ачылдыТерек-Сай айылында "Эти Бакыр Терексай" компаниясынын Консультациялык борбору ачылдыТерек-Сай айылында "Эти Бакыр Терексай" компаниясынын Консультациялык борбору ачылдыТерек-Сай айылында "Эти Бакыр Терексай" компаниясынын Консультациялык борбору ачылдыТерек-Сай айылында "Эти Бакыр Терексай" компаниясынын Консультациялык борбору ачылдыТерек-Сай айылында "Эти Бакыр Терексай" компаниясынын Консультациялык борбору ачылдыТерек-Сай айылында "Эти Бакыр Терексай" компаниясынын Консультациялык борбору ачылдыТерек-Сай айылында "Эти Бакыр Терексай" компаниясынын Консультациялык борбору ачылды

Похожие новости

Металлург күнүнө карата “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын Башкы мүдүрү Вели Гёкдеренин сүйлөгөн сөзү:

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” компаниясынын кызматкерлери компанияга чектеш аймакты таштандыдан тазалашты

etibakir

Кызыл-Токой айылынын тургундары “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын калдык сактоочу жайынын курулуш иштери менен таанышышты

etibakir
%d bloggers like this: