Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

Терек-Сай айылында чыр-чатактарды чечүү боюнча тренинг өтөт

2021-жылдын 31-октябрында «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы Талаштарды чечүүнүн альтернативалуу Борбор Азиялык борбору (CACARS) менен биргеликте конфликттерди чечүү боюнча окуу курсун уюштурууда. Тренер катары Бүткүл россиялык калыбына келтирүү медиация ассоциациясынын төрагасы Рустем Максудов жана тренер, CACARSтын башкы директору Эльвира Боромбаева чакырылган.
Тренинг жыйырмадан ашык адамдын катышуусу менен эки күнгө эсептелген жана «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын кызматкерлери , жергиликтүү айылдардын активисттеринин да катышуусу пландалууда. Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн турган компаниянын өнөктөштөрү да чакырылган.
Окутуу долбоору «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы тарабынан каржыланат. Компаниянын башкы директору Вели Гөкдеренин айтымында, бул кызматкерлердин жана жергиликтүү тургундардын билимине болгон салым.
“Биз чыр-чатакты чечүү боюнча тренинг компания менен тургундардын ортосундагы мамилени гана эмес, жакындары менен камкор мамилени өнүктүрүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз” деди Вели Гөкдере.
Тренинг эки күнгө эсептелген жана практикалык мүнөзгө ээ. Уюштуруучулардын айтымында, бардык сабактар ролдук оюндар жана көнүгүүлөр түрүндө өтүп, катышуучулардын коммуникациялык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнү сапаттык жактан жакшыртат.

Похожие новости

Түшүм майрамынан фоторепортаж

etibakir

Терек-Сай айылында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда жыйын өттү

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” Ала-Бука районунун Өрүктү айылынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тургундарына тааныштыруу турун өткөрдү

etibakir
%d bloggers like this: