Эти Бакыр Терексай
Image default
жаңылыктар Кабарлар

Түркияда бүгүн Республика күнү белгиленип жатат

Туркия Республикасынын күнү (тур. Cumhuriyet Bayramı) өлкөдө жыл сайын 29-октябрда белгиленет. 1923-жылы 29-октябрда Мустафа Кемал Ататүрк Түркияны республика деп жарыялап, бул окуянын урматына улуттук майрам – Республика күнү белгиленген.
1923-жылдын 29-октябрында мамлекеттин республика статусу жарыяланып, анын расмий аталышы (тур. Türkiye Cumhuriyeti) («Түркия Республикасы») деп аталган. Андан соң Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынында добуш берүү болуп өтүп, анын жыйынтыгында Мустафа Кемал Ататүрк Түркия Республикасынын биринчи президенти болуп жарыяланган.
Бул күнү Түркиянын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилип, натыйжада Осмон империясы кыйрап, Түркия республикага айланган.
“Эти Бакыр Терексай” компаниясынын башкы мүдүрү Вели Гөкдере бул майрамга карата өз куттуктоосунда: ”Урматуу достор! Баарыбызды быйылкы 98 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Түркия Республикасынын күнү менен куттуктайм. Биздин кыргызстандык достор биздин кубанычыбызды тең бөлүшөөрүнө ишенем. Жакында, 31-августта Кыргыз Республикасы да эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгиледи. Эки бир тууган мамлекетке түбөлүк эркин жана бакубат жашоо кааламакчымын”деп билдирди.
Түркияда бүгүн Республика күнү белгиленип жатат

Похожие новости

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы металлургия өндүрүшүнүн кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт!

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” компаниясында кадрларды окутуу жүргүзүлүп жатат.

etibakir

 “Эти Бакыр Терексай” ишканасы түшүм майрамына демөөрчүлүк жардам көрсөттү.

etibakir
%d bloggers like this: