Алтын ылгоочу фабрика
Ургаалдуу геологиялык чалгындоочу иштердин натыйжасында “Тереккан” жана “Терек” кен жатактарынын камдыктары такталды жана анын натыйжасында Доре эритмесин алуу үчүн алтын ылгоочу жаңы фабрика куруу зарылдыгы бар экендиги аныкталган.
Техникалык долбоор талаптагы бардык мамлекеттик экспертизалардан ийгиликтүү ѳткѳндѳн кийин Компания 2019-жылдын аягында калдык сактоочу жайы жана инфратүзүм объектилери менен алтын ылгоочу фабриканы (АЫФ) курууну баштоого ниеттенген.
Курулуш дүйнѳлүк стандарттын талаптарына жооп берген жогорку сапаттуу материалдарды жана жабдыктарды колдонуу менен, экологиялык коопсуздукту жана айлана чѳйрѳнү коргоону сѳзсүз сактоо аркылуу, объектинин бул түрү үчүн белгиленген талаптарга ылайык жүзѳгѳ ашырылат.
Калдык сактоочу жайы жана инфратүзүм объектилери менен АЫФтын курулушу башталгандан бери 2019-жылдын сентябрына карата болжол менен 300 адамды түзгѳн жумушчулардын саны 500-600 адамга жетет, жана алардын ичинен 90%ы сѳзсүз түрдѳ жергиликтүү тургундардан болот.
Андан тышкары, АЫФ пайдалануга берилгенден баштап милдеттүү социалдык пакеттин суммасы 20 млн. сомду түзѳт, ал эми республикалык да, жергиликтүү да бюджетке салыктык чегеримдер бир нече эсеге кѳбѳйѳт.