Эти Бакыр Терексай

Компаниянын менеджменти

etibakir

Компаниянын менеджменти

АЛЬП ТОГАЙ

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын башкы мүдүрү

2023-жылдын февраль айынан азыркы учурга чейин – «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын башкы директору.

2018–2023 – «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы, башкы директордун орун басары

2018 – Эксперттик-Европалык Комиссия (Инновациялар жана жаңы технологияларды ишке ашыруу боюнча Изилдөө Аткаруучу Агенттиги)

2018 – Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) көз карандысыз консультанты

2018 – 4600 МВт жана 5300 МВт атомдук электр станцияларынын (АЭС) инвестициялык долбоорлорунда жергиликтүү камтууну жогорулатуу программасынын менеджери, EUAS International ICC (Түркия)

2015–2018 – Түркиядагы 4800 МВт “Аккую” биринчи АЭСинин (NGS) бюджет жана чыгымдарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, АО “Akkuyu Nuclear» (100% “Росатом” мамлекеттик корпорациясына таандык) (Түркия)

2013–2014 – Ливанда 330 МВт жана Ганада 450 МВт сүзүүчү электр станцияларын ишке ашыруу боюнча жана калкып жүрүүчү регазификация блогунун (CCP) техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча долбоордун менеджери, Карадеңиз Энергия Групп (AO Karadeniz Energy) (Түркия)

2006–2012 – Мунай-газ компаниясынын экономика, пландаштыруу жана бюджет боюнча директору; Шымкент мунай иштетүүчү заводунун модернизациялоо долбоорунун тең жетекчиси. АО ПетроКазахстан (Казакстан)

2006 – «УрАзия Энерджи» ЖЧКсы. Финансылык контроллер (UrAsia Energy Ltd.) (Казакстан)

2002–2006 Чийки мунайдын наркын көзөмөлдөөчү. АО ПетроКазахстан (Казакстан)

2000–2002 Matoil SA компаниясынын каржылык контролеру, мунай өндүрүү. (Казакстан)

1997–1999 – «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖЧКсы, чыгымдар контролеру(Кыргызстан)

1994–1996 – Чыгымдар/сатып алуу контроллери, ENKA Construction АК (Түркия)

1992–1994 – Алгачкы карьера. Курулуш жана подряддык иштер менен алектенген ишканаларда иштөө.

Макромак Ко. – тиричилик муктаждыктары үчүн жаратылыш газ жылуулук станцияларын орнотуу;

Гама-Гурис Ж.В. – Измир-Айдын автожолунун курулушу;

Кутлуташ-Диллингхэм Дж.В. – Кызылай-Анкара метро станциясын куруу. (Түркия)

2009–2011 Казак-Британ техникалык университети (Алматы),мунай жана газ тармагында MBA Магистри (окуу курстарын аяктаган)

1990–1994 Жакынкы Чыгыш техникалык университетиинженердик факультет, инженер-куруучу

1989 TED Анкара – физика жана математика колледжи

Экономика мектебинин сертификаты – AACE International

Эл аралык каржылык отчеттуулук боюнча сертификат – ACCA

Натыйжалуу портфелди башкаруу жана углеводороддорду баалоо семинарында Шлюмбергердин “Мыкты спикер” аттуу сыйлыгы

Африкалык энергетикалык форумдун жылдык китеби 2014-жылы “Орто жана узак мөөнөттүү электр лизинг долбоорлору” макаласынын жарыяланышы.

Компаниянын менеджменти

КАНЫМБЕТОВ НУРДИН КЕНЖЕБЕКОВИЧ

БАШКЫ ДИРЕКТОРДУН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ

2022-жылдын август айынан тарта азыркыга чейин – «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын башкы директорунун биринчи орун басары.

2020–2022-жылдар – «Алтынкен» ЖЧКсынын башкы директорунун биринчи орун басары

2020–2021-жылдар – «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү

2018–2020-жылдар – «Кыргызалтын» ААКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары

2017–2018-жылдар – «Алтынкен» ЖЧКсынын башкы директорунун коопсуздук боюнча кеңешчиси

2015–2018-жылдар – «Кыргызалтын» ААКсынын күзөт башкармалыгынын башчысы

2003–2015 – Кыргыз Республикасынын УКМКнын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин органдарында кызмат өтөгөн.

2003-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин бүтүргөн. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча адис.

2017-жылдан тарта азыркы күнгө чейин И.Раззаков атындагы КМТУнун академик У.Асаналиев атындагы тоо-кен жана тоо-кен технологиялары институтунда түстүү металлдарды байытуу адистигинде билим алып келет.

«Өнөр жайдын ардактуу кызматкери» деген наамга ээ.

Компаниянын менеджменти

АХМЕТ ТУНЖЕЛ

БАШКЫ ДИРЕКТОРДУН ФИНАНСЫ ЖАНА АДМИНИСТРАТИВДИК ИШТЕР БОЮНЧА ОРУН БАСАРЫ

2022-жылдан тарта азыркы күнгө чейин –  “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсынын  финансы жана административдик иштер боюнча башкы директордун орун басары

2019-2022-жылдары – “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнын Финансы директору

2010-2019-жылдары – “Эти Бакыр” ААКда  Финансы жана бухгалтердик эсеп боюнча адис.

2008-2010-жылдары – ING Банкта кенже адис, андан кийин адис болуп иштеген.

2007-жылы – Анадолу университетинин Экономика факультетинин мамлекеттик башкаруу бөлүмүн артыкчылык (кызыл диплом) менен аяктаган.

Компаниянын менеджменти

АЙЗАДА МАМБЕТКУЛ КЫЗЫ 

ДОЛБОРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУ БӨЛҮМҮНҮН ДИРЕКТОРУ 

2023-жылдын февраль айынан бери – «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКнын Долбоорлорду ишке ашыруу бѳлүмүнүн директору

2021–2023 – «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКнын объектилерин ишке киргизүү боюнча менеджери

2020–2021 – «AAEngineering Group» ЖЧШтин Кыргыз Республикасындагы курулуш боюнча менеджери (Талас)

2018–2020 – Кыргыз Республикасындагы «AAEngineering Group» ЖЧШтин ѲТБ башчысы (Кыргызстан, Талас)

2017–2018 – «AAEngineering Group» ЖЧШ филиалынын башкы инженери (Казакстан, Степногорск ш.)

2016–2017 – «AAEngineering Group» ЖЧШ филиалынын инженер-пландоочусу (Казакстан, Степногорск ш.)

2016-жылдын февралынан 2016-жылдын сентябрына чейин – «Казахмыс Корпорациясы» ЖЧШтин башкы долбоорлоо институтунда гидротехникалык курулуштардын инженер-конструктору (Казакстан, Астана ш.)

2013–2015 – «KAZ Minerals Bozymchak» ЖЧШтин долбоорлорду башкаруу кеңсесинде пландоочу (Кыргызстан, Бозымчак)

2009–2013 – «Кумтөр Голд Компани» ААКсынын калдык сактоочу жайын проектинин негизинде көзөмөлдөө келишими боюнча инженер-гидротехник.

2006–2009 – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун геотехникалык объекттердин туруктуулугунун лабораториясынын илимий кызматкери

2006–2009 – «Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги кичи ГЭСтер» долбоору боюнча КРСУнун лаборанты.

2008-ж. –«Чополуу топурактардын жылышы калдык сактоочу дамбасынын туруктуулугуна тийгизген таасири» аттуу көйгөйлөрүн изилдөө боюнча КРСУнун аспиранты.

2008-жылы Кыргыз-Орус Славян университетин (КРСУ) инженер-гидротехник адистиги боюнча аяктаган.