Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын насостук станциясынын айланасында топтолгон суу санитардык-химиялык талаптарга жооп берет

Терек-Сай айылында дарыянын жээгинде «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын Арча-Суудагы кеңсесин суу менен камсыздоого ылайыкталган насостук станция курулууда. Учурда суу сактагычты цементтөө иштери жүрүп жатат. Ошол эле дарыядан топтолгон сууну маал-маалы менен сордуруп чыгаруу зарыл. Болбосо курулуш иштерин жүргүзүү мүмкүн болбой калат.

Сордурулган суу тургундардын ден соолугуна таптакыр зыяны жок. Жергиликтүү элди тынчтандыруу максатында «Эти Бакыр Терексай» ишканасы сордурулган сууга экспертиза жүргүзүп, Ала-Бука райондор аралык санэпидстанциясынан экспертти чакырган. Суунун үлгүсүн алууда Терек-Сай айыл өкмөтүнүн өкүлү Акылбек Анарбаев жана Болуш айылынын тургуну Арген Жакиев катышты. Суу экспертизасынын корутундусуна ылайык, «санитардык-химиялык көрсөткүчтөр боюнча бул суунун үлгүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №128 токтомунун талаптарына жооп берет». Башкача айтканда, сордурулган суунун курамы зыянсыз жана тургундардын ден соолугуна коркунуч туудурбайт.

Кошумча маалымат алуу үчүн “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Асел Акматалиевага кайрылсаңыз болот.

+996 220 092 407; asel.akmatalieva@etibakir.com.tr pr@etibakir com.tr

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын насостук станциясынын айланасында топтолгон суу санитардык-химиялык талаптарга жооп берет«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын насостук станциясынын айланасында топтолгон суу санитардык-химиялык талаптарга жооп берет«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын насостук станциясынын айланасында топтолгон суу санитардык-химиялык талаптарга жооп берет

Похожие новости

 “Эти Бакыр Терексай” ишканасы түшүм майрамына демөөрчүлүк жардам көрсөттү.

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсы Терек-Сай айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалына оң таасирин тийгизүүдө

etibakir

«Эти Бакыр Терексай» ишканасы Дүйнөлүк чемпионатка аттанган Чолпонбай Жаркуловго колдоо көрсөттү

etibakir
%d bloggers like this: