Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын кызматкерлеринин ставкалары жана эмгек акылары 2022-жылдын январь айынан баштап 28%га жогорулайт.

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын кызматкерлеринин ставкалары жана эмгек акылары 2022-жылдын январь айынан баштап 28%га жогорулайт.

Ал эми жер астындагы шарттарда, алтын бөлүп алуу фабрикасында, карьерде, өзгөчө оор жана зыяндуу эмгек шартында иштеген айрым жумушчулардын эмгек акысы 30 пайыздан 50 пайызга чейин көтөрүлөт.

Тиешелүү чечимди алтын өндүрүүчү кыргыз-түрк ишканасынын жетекчилиги жана профсоюзу жаңы жамааттык келишим түзүүнүн алкагында кабыл алышты.

Ушул жылдын 23-марты ишкананын башкы мүдүрү Вели Гөкдере менен профсоюз комитетинин төрагасы Өмүрбек Усубалиев 2022-жылга карата жамааттык келишимге кол коюшту.

Сүйлөшүүлөргө жана кол коюуга Кыргызстандын тоо-металлургиялык профсоюзунун борбордук комитетинин атынан  Комитеттин Жалал-Абад областы боюнча өкүлү А.М.Ташматов катышты.

Кызматкерлердин эмгек акысына мыйзамда каралган эмгек акыга тиешелүү бардык төлөмдөр, анын ичинде бийик тоо коэффициенти, түнкү, майрамдык, ашыкча иштөө үчүн кошумча акылар жана компенсациялар кирет.

Эмгек акыны жогорулатуудан тышкары социалдык жөлөкпулдар да 30%га көбөйтүлөт (никеге туруу, төрөт, юбилей, ырым-жырымдар ж.б)

Администрация тарабынан ай сайын ден соолукту чыңдоо, спорт жана маданият иштери үчүн профсоюз комитетине 160 миң сом бөлүнөт.

Эмгек мамилелерин жөнгө салуунун бардык талаштуу маселелери администрация менен кесиптик бирликтин ортосунда укуктук  сүйлөшүү жолу менен гана чечилет.

Учурда ишканада 600дөн ашык адам иштейт. Жалпы инвестициянын көлөмү 240 миллион АКШ долларынан ашты. Жакынкы арада алтынды бөлүп чыгаруучу фабриканы  расмий ишке киргизүү пландалып жатат, учурда  ал тесттик режимде иштеп жатат.

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын  кызматкерлеринин  ставкалары жана эмгек акылары 2022-жылдын январь айынан баштап 28%га жогорулайт.«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын  кызматкерлеринин  ставкалары жана эмгек акылары 2022-жылдын январь айынан баштап 28%га жогорулайт.«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын  кызматкерлеринин  ставкалары жана эмгек акылары 2022-жылдын январь айынан баштап 28%га жогорулайт.«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын  кызматкерлеринин  ставкалары жана эмгек акылары 2022-жылдын январь айынан баштап 28%га жогорулайт.«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын  кызматкерлеринин  ставкалары жана эмгек акылары 2022-жылдын январь айынан баштап 28%га жогорулайт.«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын  кызматкерлеринин  ставкалары жана эмгек акылары 2022-жылдын январь айынан баштап 28%га жогорулайт.

https://www.facebook.com/gmpk312/posts/2484956104972011

Похожие новости

Чаткал районундагы тоо кен ишканалары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан тегерек стол болуп өттү

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы Ыйык рамазан айында гуманитардык жардам көрсөттү.

etibakir

Сатып алуу бөлүмү

etibakir
%d bloggers like this: