«Эти Бакыр Терексай» компаниясы Терек-Сай айылынын айланма жолунун асфальт-бетон төшөө иштерин бүтүрдү. Жолду асфальттоо иш-чарасы тоо-кен компаниясынын эсебинен жол куруу долбоорунун алкагында ишке ашты. «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын башкы директору Вели Гёкдеренин айтымында, жолдорду асфальттоо чаңдын азаюсуна алып келет.
«Бийик тоолуу аймактардын кээ бир негизги жолдору Болуш айылына жакын өтөт. «Эти Бакыр Терексай» компаниясы бул жолду жаңыртты. Ага чейин эксплуатациялык жолдордо тынымсыз суу чачуу аркылуу чаӊ басылып турган болсо, азыр асфальт төшөлүп жаткандыгы жолдун абалын бир топ жакшыртууга шарт түзөт.
Айыл тургундарына жана үй –тиричилик чарбаларына жол кыймылы терс таасирин тийгизбейт. Ошондуктан, биз эксплуатациялык жолдун 3 чакырымын асфальттоону, ошол эле учурда Ынтымак жана Ак-Терек айылдарын бириктирген айланма жолду оңдоону чечтик. Бул жол тилке Ала-Бука-Терек-Сай жолунда жайгашкандыктан, жаңы жол Терек-Сай айылынын тургундары үчүн гана эмес, башка аймактардан келген коноктор үчүн да ыңгайлуу шарт түзөт»,-деди Вели Гёкдере.
Оңдолгон айланма жолдун тилкесин жергиликтүү бийликтин жана тиешелүү кызматтардын балансына өткөрүү пландалууда.