Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

«Эти Бакыр Терексай» компаниясынын кызматкерлери ПЦР-тест тапшырууда

«Эти Бакыр Терексай» компаниясынын кызматкерлери ПЦР-тест тапшырууда

Коронавирустук инфекциянын таралышынын үчүнчү толкунуна байланыштуу «Эти Бакыр Терексай» компаниясы коопсуздук чараларын күчөттү. Жергиликтүү жашоочуларды кабыл алуу токтотулду, имараттарда беткап режими сакталууда, ошондой эле мезгил-мезгили менен кеӊселерди жана жайларды дезинфекциялоо жүргүзүлүүдө.

Андан тышкары, компаниянын кызматкерлери ПЦР-тест тапшырууда.

«Бардык кызматкерлер анализ тапшырышат. Бүгүнкү күндө ПЦР-тестти 165 адам тапшырды. Тест оӊ натыйжа көрсөткөн учурда кызматкер карантинге жөнөтүлөт. Биз кызматкерлердин ден соолугун тобокелге сала албайбыз, «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы коронавирустук инфекцияга каршы зарыл коопсуздук чараларын сактайт», – деп билдирди компаниянын директору Вели Гёкдере.

Мурдараак «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын Башкы директору Вели Гёкдере компаниянын кызматкерлерине COVID-19дун таралышына каршы коопсуздук чараларын катаал кармануу жөнүндө кайрылган.

«Эти Бакыр Терексай» компаниясынын кызматкерлери ПЦР-тест тапшырууда

Похожие новости

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы тоо-кен тармагы боюнча ардагерлердин эмгегин жогору баалайт

etibakir

Исмаил Шентүрк: Механикалык участокто таланттуу адамдар эмгектенет

etibakir

Терек-Сай айылынын жолдоруна күнүнө 4-5 жолу суу чачылат

etibakir
%d bloggers like this: