Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

“Эти Бакыр Терексай” компаниясынын башкы мүдүрү Вели Гёкдере Терек-Сай айылынын волейбол боюнча чемпиондорун куттуктады.

Бүгүн, 2021-жылдын 18-майында, “Эти Бакыр Терексай”компаниясынын башкы мүдүрү Вели Гёкдере волейбол боюнча Терек-Сай айылынын кыз-келиндер курама командасын Чаткал районунун турнириндеги жеңиши менен куттуктады.
Компаниянын башчысы командага жеңиш алып келген оюн үчүн ыраазычылыгын билдирип, Терек-Сай айылынын бардык тургундары бул жеңиш менен сыймыктанарын белгиледи.
«Волейбол Кыргызстандын аймактарында өнүккөн. Кыргызстандын волейболчулары күчтүү 20 мамлекеттин катарына кирди. Терек-Сай конушунан демилгелүү жана максатка умтулган спортчулар чыкканына кубанычтамын. Мындан ары дагы катуу машыгып, облустук жана республикалык турнирлерде жеңишке жетесиңер деп ишенем ”, – деди Вели Гёкдере.
Кошумчалай кетүүчү нерсе, волейбол боюнча кыз-келиндер командасына “Эти Бакыр Терексай” компаниясы демөөрчүлүк кылып, спорттук костюмдар менен камсыз кылган болчу.
Волейбол боюнча Чаткал облустук мелдешке 20 команда катышкан. Терек-Сай кыз-келиндер командасы 10 команданы жеңип, чемпион аталды. Буга чейин бул команда Терек-Сай районуна караштуу волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүсү болушкан.
Жолугушуунун аягында башкы мүдүрүбүз спортчуларга акчалай белек тапшырып, аларды майрамдык дасторконго чакырды.
“Эти Бакыр Терексай” компаниясы 2016-жылдын жаз айларында Терек, Тереккан жана Перевальное кендеринде кен казуу боюнча иштерди баштаган. 2016-жылдан 2020-жылга чейин компания 32 миллион сомдон ашык суммадагы демөөрчүлүк жардам көрсөткөн.
"Эти Бакыр Терексай" компаниясынын башкы  мүдүрү Вели Гёкдере Терек-Сай айылынын волейбол боюнча чемпиондорун куттуктады.

Похожие новости

Министрлер Кабинетинин башчысы Жалал-Абад облусундагы алтын кендерге барды

etibakir

Орозо айт майрамы менен куттуктайбыз!

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” ишканасынын спортчулары тоо жумушчусу жана металлург VII Спартакиасына катышты

etibakir
%d bloggers like this: