Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

“Эти Бакыр Терексай” компаниясында кадрларды окутуу жүргүзүлүп жатат.

“Эти Бакыр Терексай” компаниясында жумушчуларды эмгекти коргоо жана коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча окутуу жүргүзүлүп жатат. Жыл сайын ар бир ишкана бул сыяктуу окутуу иш чараларын уюштуруп турууга тийиш. Окууну Бишкектен чакырылган тажрыйбалуу адис, жогорку окуу жайынын доценти Догдурбай Машыров чакырылган.

“Биз тоо-кен өнөр-жайындагылардын баарын коопсуздук эрежелери жана эмгекти коргоо боюнча окутабыз. Ар бир жумушчу коопсуздук эрежелерин сактоо үчүн сөзсүз түрдө кесиби боюнча окутуу курсунан өтүүсү керек. Тоо-кен тармагы эң кооптуу обьект болуп саналат: жардыруу иштери жүргүзүлөт, чоң унааларды колдонушат, крандар менен иш алып барышат, металлургиялык цехтер бар… Ушунун баарын иштетиш үчүн ар бирине иштөөгө укук берген күбөлүк алыш керек”, – деп билдирди окутуучу Догдурбай Машыров.

“Эти Бакыр Терексай” компаниясы коопсуздук техникаларын сактоо боюнча окууларды жыл сайын өткөрүп турууну пландоо. Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Аида Абышкаеванын айтымында, окутууларга компаниянын бардык өндүрүштүк бөлүмдөрдүн адистери катышууда.

“Компаниядагы административдик жана чарба бөлүмүнөн тышкары бардык өндүрүштүк бөлүмүндөгү жумушчулары катышууда: бул тоо иштери бөлүмү, механикалык бөлүм, лабораториянын кызматкерлери… Тоо-кен казуу тармагында жумушчулардын билими жогоруласа, компаниядагы коопсуздук чаралар жогорулайт”, – деди адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Аида Абышкаева.

Он күндүк окутуулардын алкагында 300гө жакын кызматкер коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча билим алат.

 

“Эти Бакыр Терексай” компаниясында кадрларды окутуу жүргүзүлүп жатат.“Эти Бакыр Терексай” компаниясында кадрларды окутуу жүргүзүлүп жатат.“Эти Бакыр Терексай” компаниясында кадрларды окутуу жүргүзүлүп жатат.“Эти Бакыр Терексай” компаниясында кадрларды окутуу жүргүзүлүп жатат.“Эти Бакыр Терексай” компаниясында кадрларды окутуу жүргүзүлүп жатат.“Эти Бакыр Терексай” компаниясында кадрларды окутуу жүргүзүлүп жатат.“Эти Бакыр Терексай” компаниясында кадрларды окутуу жүргүзүлүп жатат.“Эти Бакыр Терексай” компаниясында кадрларды окутуу жүргүзүлүп жатат.

Похожие новости

“Эти Бакыр Терексай” Ала-Бука районунун Өрүктү айылынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тургундарына тааныштыруу турун өткөрдү

etibakir

Терек-Сай айылынын тургундары “Эти Бакыр Терексай” ишканасында калдык сактоочу жайга төшөлүп жаткан геомембрананы өз көзү менен көрүп келишти. Тааныштыруу турунан фоторепортаж

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” дан кезектеги демөөрчүлүк колдоо

etibakir
%d bloggers like this: