Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

“Эти Бакыр Терексай” компаниясы 7 студенттин контрагын төлөп окутат

“Эти Бакыр Терексай” компаниясы Терек-Сай айыл аймагындагы мектеп бүтүрүүчүлөрдүн ичинен жогорку окуу жайга өткөн 7 студенттин контрагын төлөп берет. Мындай макулдашуу “Эти Бакыр Терексай” менен компаниянын Профсоюзу ортосунда түзүлгөн жамаатык келишимде каралган. Ага ылайык, компания окууга шыктуу, бирок социалдык абалы төмөн үй-бүлөлөрдөн чыккан окуучуларга билим алууга шарт түзөт. Мында компания окуучулардын 1-курсунан тарта 5-курска чейинки окуусунун төлөмүн моюнга алат. Өз кезегинде окуучу өзү каалаган кесипти тандап, тандаган окуусун аягына чейин чыгаруу милдеттемесин алып, “Эти Бакыр Терексай” ишканасы менен макулдашуу түзөт.

“Алгач ирет жамааттык келишимде 5 окуучунун окуусун төлөп берүү каралган эле. Бирок мен окуучулардын санын 7ге чыгардым. Анткени Терек-Сайда билимдүү жаштар канчалык көп болсо, айылдын потенциалы ошончолук артат, өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алат”, – деди “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын Башкы мүдүрү Вели Гөкдере.

“Эти Бакыр Терексай” ишканасынын билим берүү грантына окуучуларды тандоо үчүн Терексай Айыл өкмөтүнөн социалдык адис жана үч мектептин өкүлдөрүнүн катышуусу менен атайын комиссия түзүлгөн.

“Тандалган окуучулардын көбү жарым жетимдер. Жамааттык келишимдин негизинде  ар бир студетке 30 000 сомдон каржылап бермекчи” – деди “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын Профсоюзунун төрагасы Усубаалы Өмүрбеков.

Тандалган 7 окуучунун – 2 окуучусу Кызыл-Токой айылындагы Камчыбеков орто мектебинен болсо, 2 окуучусу Терексай айылындагы Чымканаев орто мектебинен, дагы 3 окуучу Ак-Терек айылындагы Терексай орто мектебинен тандалып алынган.

Окуучулардын айрымдары Жогорку окуу жайларында окушса, кээ бирлери кесиптик колледждерде билим алышат.

“Эти Бакыр Терексай” ишканасынын билим берүү грантын алган окуучулардын тизмеси:

1.Умбеткулова Бермет – Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети

2.Бакытбек кызы Айзирек – Ош Мамлекеттик колледжи

3.Турдалиева Мээрим – Кыргыз-Турк Манас университети

4.Акматкулов Качоро – Бишкек Авто-жол колледжи

5.Абдылдаева Уулжан – Кыргыз Улуттук Университети

6.Абдиназар кызы Жанара – Информациялык-Технологиялар институту

7.Камалова Мээрим – Ош Мамлекеттик университети.

“Эти Бакыр Терексай” компаниясы 7 студенттин контрагын төлөп окутат“Эти Бакыр Терексай” компаниясы 7 студенттин контрагын төлөп окутат“Эти Бакыр Терексай” компаниясы 7 студенттин контрагын төлөп окутат

Похожие новости

Терек-Сай айылында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда жыйын өттү

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” компаниясынын башкы мүдүрү Вели Гөкдере Россиядан келген тоо-кен компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды

etibakir

Терек-Сай айылынын жолдоруна күнүнө 4-5 жолу суу чачылат

etibakir
%d bloggers like this: