Өзбекстандын Ташкент шаарында өспүрүмдөр арасында атайын турнир болуп өттү,ага Кыргызстандан бир канча компанда катышып,алардын арасында Терек-Сай айылынын 6 бала катышып келди.
Терек-Сай айылдагы күрөш залынын машыктуруучусу Исманов Даниярдын айтуусу боюнча, турнир 2010-2014-жылкы окуучу балдар арасында грек-рим күрөшү боюнча өткөрүлдү.
“Кыргызстандан 3-4 команда катышты. Терек-Сай командасынын спортчулары 1-2-3 орундарды багындырды. Терек-Сайдан жалпы 6 бала барды,алардын 3 орундарга жетишти. “Эти Бакыр Терексай” ишканасы турнирге бараарда бизге жол киреге,тамак-ашка,жатаканага финансылык колдоо көрсөттү. Бүгүн дагы офиске чакырышып сый көрсөтүп жатышат. Жаш балдарды колдоп ушундай жардам көрсөткөнү үчүн ыраачылык билдиребиз”-деп билдирди ал.
Жаш күрөшчүлөр менен болгон жолугушууга башкы мүдүрдүн биринчи орун басары Бузурман Субанов да катышты.
“Эти Бакыр Терексай” ишканасынын башкы мүдүрү Вели Гөкдере өз сөзүндө-“Кыргызстанда аябай көп спортчулар бар,дүйнө жүзүнө дагы ошол балбандар аркылуу таанылып жатат. Терек-Сайдан дагы кыйын кыйын Кыргызстанды дүйнөгө тааныта турган,эл сыймактанчу талантуу балбандар өсүп чыгышына тилектешмин”-деди.
“Мыкты балбан болуш үчүн эң биринчи кезекте 99% эмгек жана 1% талант керек. Ошондуктан аябай эмгектенүү керек. Ошондо гана чоң ийгиликтерди багындыра аласыңар”-деди балдарга айткан калоосунда Бузурман Субанов.
Жолугушуунун аягында Вели Гөкдере балдарга жана машыктуруучусуна “Эти Бакыр Терексай” компаниясынын атынан өз колу менен акчалай сыйлыктарды тапшырып,эстеликке сүрөткө түшүштү.