Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

“Эти Бакыр Терексай” ишканасында 1000 ашуун адам иштейт

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы Терек-Сай айылынын тургундары үчүн тааныштуруу турун уюштурду

Бүгүн, 2021-жылдын 10-сентябрьда “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын коомчулук менен иштөө бөлүмү Терек-Сай айылынын тургундары үчүн тааныштыруу турун уюштурду. Турга негизинен совет маалында тоо кен казуу тармагында эмгектен 15ке жакын ардагерлер катышты. Катышуучулар өндүрүштө колдонула турган жаңы технологияларга кызыгышты.

“Кен иштетүүдө жүгүртмө сууну пайдалануу системасы киргизилип, суунун кошулмасын көп жолу пайдаланып, калдык сактоочу жайга төгүлбөйт. Бул деген, зыяндуу заттар дарыяга кошулуу коркунучу толугу менен жокко чыгарылат дегенди түшүндүрөт”, – деди ишкананын башкы технологу Алаттин Демиржи.

Алаттин Демиржинин айтымында, азыркы кезде жаңы алтын ылгоочу фабриканы куруу иштери жүрүп, 2022-жылда бүтүрүү пландалууда. Жергиликтүү тургундар алтын өндүрүүдө колдонулган реагенттердин коопсуздугу боюнча суроо узатышты.
“Элде цианид боюнча көптөгөн туура эмес маалыматтар тарап кеткен. Алтын чыгарууда цианид, башка заттарга салыштырмалуу кооптуулугу эң аз экенин билгендер аз. Бардык эрежелерди сактап, иш кылса цианиддин айлана-чөйрөгө зыяны жок. Ал күн нурларынан жок болуп кетет”, – деди инженер-эколог Увасип Аманбаев.
Ошондой эле экологдун тарабына чаң боюнча көп суроолор берилди.
“Эки күн мурун форс-мажордун окуя орун алды. Тереккан участогунда таш кулап, чаң чыгып кетти. Биз шыр эле экскаватордун ишин токтоттук. Чаң айылга жетпей карьерге отуруп калды. Чаңды азайтуу боюнча көп аракеттер көрүлүүдө. Жолдорго дайыма суу чачуудан тышкары, суу чачуучу аппараттарын сатып алганбыз. Бирок Кытайдагы чек аралардын жабылышына байланыштуу товарлар кечигип атат”, – деди Увасип Аманбаев.

Тоо-кен казуу ишканасында жумуш орундары боюнча кадрлар бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жайыкова маалымат берди. Айтымында, 2021-жылдын сентябрь айына карата, “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКда 1 119 адам иштеп жатат.
“Жалпы кызматкерлердин 685 адамы Терек-Сай айылынын тургундары болуп саналат. 200дөн ашуун адам өлкөнүн башка региондорунан келип иштейт. 219 адам Түркиянын жарандары. Жаңы фабрика курулуп бүткөндөн кийин түрк жарандарынын саны эки эсеге азаят”, – деди Гүлнара Жайыкова.

“Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсы биргелешкен ишкана, 25% үлүшү Кыргызстандык “Кыргызалтын” ачык коомуна таандык болсо, 75% үлүшү Түркиялык “Эти Бакыр” ачык коому ээлик кылат. Мында долбоорду каржылоо милдетин толугу менен түрк тарап мойнуна алган. Жаңы алтын өндүрүүчү фабриканын курулушу менен өндүрүштүк комплекти куруу $200 млн талап кылат.

Кененирээк маалымат алуу үчүн коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Асель Акматалиевага кайрылсаңыздар болот тел: +996 220 092 407; asel.akmatalieva@etibakir.com.tr pr@etibakir.com.tr

“Эти Бакыр Терексай” ишканасында 1000 ашуун адам иштейт“Эти Бакыр Терексай” ишканасында 1000 ашуун адам иштейт“Эти Бакыр Терексай” ишканасында 1000 ашуун адам иштейт“Эти Бакыр Терексай” ишканасында 1000 ашуун адам иштейт

 

Похожие новости

Өндүрүштүк жана техникалык бөлүм

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы тоо-кен тармагы боюнча ардагерлердин эмгегин жогору баалайт

etibakir

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы Терек-Сай айылында айланма жол курду.

etibakir
%d bloggers like this: