Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

«Эти Бакыр Терексай» ишканасы Дүйнөлүк чемпионатка аттанган Чолпонбай Жаркуловго колдоо көрсөттү

“Эти Бакыр Терексай” ишканасынын кызматкери Чолпонбай Жаркулов билек күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды. Быйыл мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн билек күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионат Румынияда 20-ноябрдан 1-декабрга чейин өтмөкчү. Ишкананын жетекчилиги спортчуга колдоо көрсөтүп, акчалай жардам бөлүп берди.

Чолпонбай Жаркуловдун айтымында биринчи ирет Дүйнөлүк чемпионатка 2019-жылы катышып, 6-орун алган. Быйыл даярдык мурдагыдан да жакшы.

“Быйыл Дүйнөлүктөн алдыңкы үч орунду багындырам, деген максатым бар. Даярдыгым мурдагыдан жакшы. Грузиянын балбандары күчтүү, аларды жеңсем, жеңиш меники”, – деди Чолпонбай Жаркулов.

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы Чолпонбай Жаркуловго чоң ийгиликтерди каалап, Румыниядан жеңиш менен кайтып келүүсүнө тилектеш.

«Эти Бакыр Терексай» ишканасы Дүйнөлүк чемпионатка аттанган Чолпонбай Жаркуловго колдоо көрсөттү«Эти Бакыр Терексай» ишканасы Дүйнөлүк чемпионатка аттанган Чолпонбай Жаркуловго колдоо көрсөттү«Эти Бакыр Терексай» ишканасы Дүйнөлүк чемпионатка аттанган Чолпонбай Жаркуловго колдоо көрсөттү«Эти Бакыр Терексай» ишканасы Дүйнөлүк чемпионатка аттанган Чолпонбай Жаркуловго колдоо көрсөттү«Эти Бакыр Терексай» ишканасы Дүйнөлүк чемпионатка аттанган Чолпонбай Жаркуловго колдоо көрсөттү«Эти Бакыр Терексай» ишканасы Дүйнөлүк чемпионатка аттанган Чолпонбай Жаркуловго колдоо көрсөттү

 

Похожие новости

“Эти Бакыр Терексай” дан кезектеги демөөрчүлүк колдоо

etibakir

Вели Гёкдере: Терек-Сай айылынын кыз-келиндердин волейбол командасына жардамым тийгенине кубанычтамын

etibakir

Терек-Сай айылында чыр-чатактарды чечүү боюнча тренинг өтөт

etibakir
%d bloggers like this: