“Портрет” рубрикасынын бүгүнкү каарманы – Энгин Хажыисламоглу -“Эти Бакыр Терексай” компаниясынын химиялык лабораториясынын жетекчиси. Кыргызстанда иштегенине төрт жылдын жүзү болуп калды. Бул арада кыргыз тилин өздөштүрүп, эркин сүйлөйт, кыргыз тилинде адабий чыгармаларын окуйт.
-Кыргыз тилин үйрөнүү оор бекен?
-Мен үчүн кыргыз тилин үйрөнүү оор болгон жок. Кыргыз менен түрк тилдеринин көп сөздөрүнүн уңгулары окшош, болгону айтылышында айырма бар. Кыргызстанга келгенден кийин бир жылдан кийин сүйлөгөндү үйрөндүм. Кийин кыргыз-түрк Манас университетине магистратурага тапшырыш үчүн (ал жакта кыргыз тилин сөзсүз билиш керек) кыргыз тилинин грамматикасын өз алдынча окудум. Ошентип, азыр кыргызча адабий чыгармаларды окуйм.
-Тоо кен тармагында химиялык лаборатория эмне иш кылат?
-Терек-Сайда “Эти Бакыр Терексай” ишканасы “Буровой”, “Перевальное”, “Тереккан” жана “Южный Терек” ачык карьерлери жана фабрика бар. Бул төрт участкаларынан келген кендин пробалар биринчи өтө майда бөлүктөргө майдаланып, лабораторяга келет. Бул жактан реагенттер аркылуу аралаштырылып, жогорку температурадагы мешке салынат. Андан чыккан кен реакция болуп, алтын жана күмүш эле калат. Анан алтындын салмагын ченеп, анын жыйынтыктарын чыгарабыз. Иш процессин айтып берүү оңой болгону менен бир эле процессти ишке ашырууга 5-6 саат талап кылынат.
-Кызыктуу экен. Сиздер ошондо 3-4 анализди дароо жасайсыздарбы?
-Азыркы учурда бир нөөмөттө – 12 саатта 75-80 проба жасалат. Ошондо 80 проба бир нөөмөттө даярдап жатабыз, 12 саат сайын жыйынтык берип турабыз.
-Бул кыйын жумуш турбайбы?
-Ооба, кыйын жана маанилүү жумуш. Ката кетирбеш керек, болбосо карьерлерди казууда зыян келип калышы ыктымал. Биз ишибизди туура кылышыбыз керек. Биздин бөлүмдө тазалык да абдан маанилүү. Пробалардын ичине чаң кирип кетсе да, жыйынтык туура чыкпай калышы мүмкүн. Лабораторияда дайыма тазалоо иштери жүргүзүлүп турат.
-Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз? ”Эти Бакыр Терексай” компаниясына кантип келип калдыңыз?
-Мен Түркиянын Трабзон шаарында 1989-жылы төрөлгөм. Мектепти аяктагандан кийин, “Он тогузунчу Май” университетинде 4 жыл химия инженерия кесиби боюнча билим алдым. “Он тогузунчу май” Түркиядагы ири университеттердин бири. Эмне үчүн 19-май деп аталып калган? Анткени атабыз Мустафа Кемаль Ататүрктүн душмандарга каршы чыккан биринчи күнү. 2016-жылы Түркиядагы “Эти Бакыр” компаниясына кирдим, Самсун шаарында лабораторияда химик болуп, 1 жылдай иштедим. Андан кийин Кыргызстандагы компания ачылды, мен бул жакка келип калдым.
-Лабораторияда жалаң айымдар иштейт көрүнөт?
-Ооба, көбү тажрыйбалуу, көп жылдан бери лабораторияда эмгектенген эжелер. Менден тышкары 18 киши эмгектенет. Алардын 9у лаборанат, 8и кен майдалагыч, анан дагы орун басарым бар. Жаңы лаборатория ачылса, ишчилердин саны 30 дан ашышы мүмкүн.
-Ишиңизге ийгилик. Кызыктуу маегиңизге рахмат.