Кыргыз Республикасынын экономикасына салым
Компания 300 млн АКШ долларынан ашык инвестиция тартып, 1290 жаранды иш менен камсыз кылды (инфраструктуралык объектилерди жана кайра иштетүүчү заводду курууда) жана учурда 600дөн ашык кызматкерди туруктуу иш менен камсыз кылууда. Инвестор COVID мезгилинде өндүрүштү жана инвестициялоону токтоткон жок. Эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап тоо-кен объектисин куруу долбоору объективдүү кыйынчылыктарга карабастан ишке ашырылды.
2023-жылдын 30-сентябрына карата ишкана иштеп баштагандан бери жыл сайын жергиликтүү бюджетке социалдык муктаждыктарга 15 миллион сом которду. Алтын ылгоочу фабриканын (АЫФ) өнөр жай объектилери ишке киргизилгенден кийин 2022-жылдын февраль айынан тарта социалдык пакетке чегерүү жылына 20 миллион сомго чейин көбөйгөн.
Ишкана иштеп баштагандан бери социалдык пакеттин суммасы 129 млн 817 миң 693 сомду түздү.
Мындан тышкары, «Эти Бакир Терексай» аймактагы демөөрчүлүк жардамды активдүү көрсөтүп, жергиликтүү инфраструктураны кармоого жана өнүктүрүүгө 2% чегерип турат.
Бул эки көрсөткүч боюнча эле 2016-жылдан 2023-жылдын сентябрына чейин социалдык төлөмдөр 275 миллион 102 миң 523 сомду түзөт.
Жергиликтүү коомчулукту колдоо жана өнүктүрүү үчүн социалдык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 404 млн 920 миң 216 сомду түздү.
«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы ишмердүүлүгүн баштагандан бери Кыргыз Республикасынын бюджетине салык, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүү жана башка милдеттүү жана социалдык төлөмдөр түрүндөгү төлөмдөр 8 млрд 908 млн 836 миң сомду түздү.