Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

Исмаил Шентүрк: Механикалык участокто таланттуу адамдар эмгектенет

“Эти Бакыр Терексай” компаниясынын Механикалык бөлүмүндө 100 гө жакын адам эмгектенет. Алар унааларды оңдоп, сервистик кызмат көрсөтүү менен бирге чыгармачылыкка да убакыт табышат.
Бөлүмдүн кеңсесинде унаа тетиктеринен жасалган түрдүү буюмдар бар.
Жалпысынан “Эти Бакыр Терексай” ишканасында 300дөн ашуун техника бар. Механикалык участокко күн сайын 30-40 жакын унаа ондоо, тейлөөдөөн өтөт,андан кийин гана ишке чыгат. Аларды ондоп кайрадан ишке киргизүүгө 2 же андан да аз күн керектелет.
Бөлүм жетекчиси Исмаил Шентүрктүн айтуусу боюнча механикалык бөлүмүндө таланттуу адамдар эмгектенет, бузулган тетиктерди колдон келишинче ондоого аракет кылынат,ал эми ондоого таптакыр болбой калган тетиктерди жаңыларына алмаштырууга туура келет. Эскилерин болсо жөн гана таштандыга ыргытпастан ушундай жол аркылуу экинчи өмүр берилет. Бул абдан креативдүү жана чыгармачылыкты талап кылат.
Тетиктерден жасалган буюмдарга жакшылап көңүл бурсаңыз үкү, үлүл, ат минген адамды көрүүгө болот. Ишкананын жумушчулары жандуу фигуралар көбүрөөк болгондуктан бул жерди “Экология бурчу” бул деп аташат, негизги максат – көрүүчүлөрдү айлана-чөйрөгө боорукерлик мамиле кылууга чакырат.
Жарактан чыгып калган тетиктерден мындай кооздуктарды жасоо идеясы көпчүлүк адамдарга абдан жакты. Алдыда дагы башка кооздуктарды жасайбыз, идеяларыбыз абдан көп дейт-Исмаил Шентүрк.
Исмаил Шентүрк: Механикалык участокто таланттуу адамдар эмгектенетИсмаил Шентүрк: Механикалык участокто таланттуу адамдар эмгектенетИсмаил Шентүрк: Механикалык участокто таланттуу адамдар эмгектенетИсмаил Шентүрк: Механикалык участокто таланттуу адамдар эмгектенетИсмаил Шентүрк: Механикалык участокто таланттуу адамдар эмгектенетИсмаил Шентүрк: Механикалык участокто таланттуу адамдар эмгектенетИсмаил Шентүрк: Механикалык участокто таланттуу адамдар эмгектенетИсмаил Шентүрк: Механикалык участокто таланттуу адамдар эмгектенетИсмаил Шентүрк: Механикалык участокто таланттуу адамдар эмгектенет

Похожие новости

Вакансия!

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” дан кезектеги демөөрчүлүк колдоо

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” компаниясы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн парадга катышты.

etibakir
%d bloggers like this: