Эти Бакыр Терексай
Image default
Экономикага кошкон салымыбыз

“Эти Бакыр Терексай” компаниясы жардамын аябайт!

“Эти Бакыр Терексай” компаниясы жумушчуларына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында, Компания Терексай руднигинин эски кеңсесин жана коноктор үйүн кайрадан куруп, оңдоп-түзөп берген. Эскилиги жетип, жарактан чыккан атайын техникалар толугу менен алмаштырылган. Учурда компания белгиленген стандарттардын бардык талаптарына жооп берген жаңы заманбап техниканы гана пайдаланат.

Жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болуу сынагынын шарттары боюнча, Компания 2016-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин Терексай айыл аймагынын бюджетине жыл сайын социалдык топтом түрүндө 15 млн сом акча каражатын бөлүп турат. Ушул соцтоптомдун аркасы менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы айыл жолдорун асфальттап оңдоп алышты.

Мындан тышкары, Компания жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, айыл жашоочуларына, ошондой эле райондук жана областтык администрацияларга кошумча жардам берип келет.

Алсак, ар кандай спорттук, көңүл ачуучу жана башка социалдык ишчараларды өткөрүүдө, ошондой эле бейтапканаларды, мектептерди оңдоп-түзөө иштеринде көмөктөшөт.

Похожие новости

«ТЕРЕКСАЙ» КЕНИ $100 МЛН СОМ ИНВЕСТИЦИЯЛАЙТ

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” компаниясы Жалал-Абад облусундагы жардамага муктаж тургундарга азык-түлүк таратты

administrator

Терексайга бөлүнгөн инвестициялар

etibakir
%d bloggers like this: