Бүгүн 2-июнь саат 13:00 дө Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Чаткал-Ала-Бука-Аксы райондорунун акимдери жана “Эти Бакыр Терексай” ЖЧК , “Фулл Голд Майнинг” ЖЧК тоо-кен ишканаларынын өкүлдөрү катышкан жыйын болуп өттү.
Жыйында Чаткал-Ала-Бука-Аксы райондорунун аймагындагы автоунаа жолдорунун абалын жакшыртуу маселеси талкууланды жана Чаткал-Ала-Бука аймагында иш алып барган тоо-кен ишканаларынын оор жүк ташуушу автоунаалары каттаган бул жолдор бузулуп, жергиликтүү калктын нараазычылыгын жаратып жаткандыгы айтылды.
Чаткал-Ала-Бука-Аксы райондорунун эли каттаган Терек-Сай айылынан Таш-Көмүр шаарына чейинки 165 чакырым аралыктагы автоунаа жолунун абалын жакшыртуу талабы келип чыккандыгына байланыштуу бул маселени чечүү сунушталды.