Эти Бакыр Терексай

Cengiz Holding (Женгиз Холдинг)

etibakir
Cengiz Holding (Женгиз Холдинг)

Cengiz Holding (Женгиз Холдинг)

«Женгиз Holding» тоо-кен тармагы, энергетика, курулуш, туризм, авиация сыяктуу ар түрдүү тармактарда иш алып барып, 35 туунду компанияны камтыйт.

Женгиз Холдинг өз ишмердигинде дүйнөлүк стандарттын талаптарына жооп берген, эӊ жаӊы, жогорку жана заманбап технологияларды гана колдонот.

Женгиз Холдингдин 25 жылдык бай тажрыйбасынан жана кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнөн улам 2013-жылы Холдинг Стамбул шаарындагы жаӊы аэропорттун курулушуна тендерди утуп алган. Ал толук ишке киргенден кийин жылына 150 миллион жүргүнчү өткөрүүчүлүк жөндөмдүүлүгү бар, күнүнө 3500 рейс ишке ашыруучу дүйнөдөгү эӊ ири аэропорттордун бири болуп калат. 2019-жылдын апрелинде Стамбул шаарындагы аэропорт ишке киргизүүнүн биринчи фазасынан өтүп, ушул учурдан баштап бул аэропортту дүйнөлүк 70 авиакомпания колдонуп келет. Натыйжада 2019-жылдын сентябрына чейин 167 миӊ рейс аткарылган жана 27 млн жүргүнчү тейленген. Ушунчалык кыска убакыт ичинде, өзүнүн башталгыч этабында Стамбул шаарындагы аэропорт күнүнө орточо 1600 рейс жүргүзүүдө. Бул бүткүл Холдингдин жогорку көрсөткүчү жана жетишкендиги болуп саналат.

Ошондой эле, Женгиз-Холдингдин туунду компанияларынын бири болгон Eti Aluminium Inc. Компаниясы рудадан алюминий алуучу Түркиядагы жалгыз интеграцияланган завод болуп саналат. Ар кандай рудалардан алынуучу алюминий бүгүнкү күндө бекем жана жеӊил, коррозияга туруктуу жасалгаларды өндүрүүгө мүмкүндүк берүүчү, көп талап кылынган материалдардын бири. Бул металлга альтернатива али табыла элек жана руда казып алуунун, эритүүнүн мерчемделген көлөмдөрү өсүүнүн гана үстүндө болмокчу.

“Эти Бакыр” АКы– 1969-жылы негизделген жана бүгүнкү күндө Түркиядагы эӊ ири компаниялардын бири болуп эсептелген “Женгиз Холдингдин” туунду компанияларынын бири