Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар Фотогалерея

Бишкекте “Чаткал Алтыны” аттуу фотокөргөзмө ачылды

Бүгүн, 2022-жылдын 13-апрелинде Гапар Айтиев атындагы музейде Кыргыз Республикасындагы эң эски өнөр жай тармактарынын бири – Терексай кенинин пайда болушуна жана «Эти Бакыр Терексай» алтын ылгоочу жаңы фабрикасынын (АЫФ) ачылышына арналган «Тоо-кен өндүрүшүнүн жаралышы. Чаткалдын алтыны» аталышындагы уникалдуу фото-көргөзмө уюштурулду. Бул Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Терексай кенинин ишине арналган алгачкы фото-көргөзмө.

Көргөзмөгө аталган кендин тарыхын жана “Эти Бакыр Терексай” тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгүн чагылдырган 70тен ашык сүрөттөр коюлган. Анда ишкананын объектилеринин, кенде иштеп жаткан оор жана кубаттуу тоо-кен техникаларынын, ошондой эле деңиз деңгээлинен 2000 метрден ашык бийиктикте күн сайын иштеген жумушчулардын жеринен алынган сүрөттөрү көрсөтүлдү.

Фото-көргөзмөнүн максаты – фотосүрөттөр аркылуу тоо-кен өндүрүшүнүн келип чыгышын, объекттин ишин көрсөтүү, өнөр жайды «ичинен» көрө билүү жана бул тармактын татаалдыгына, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугуна көңүл бурдуруу болуп саналат.

Ошондой эле, көргөзмөнүн алкагында академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология университетинин (КМГУ) студенттери үчүн «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын адистери (геолог, инженерлер) жана Кыргызстандын белгилүү геологдору болочок тоо-кен адистерине тоо шартындагы өндүрүштө иштөөнүн өзгөчөлүктөрү, бүгүнкү күндөгү геолог кесиби эмнеси менен кызыктуу экендиги тууралуу айтып беришти.

«Тоо-кен тармагы – бул биздин өлкөнүн экономикасынын пирамидасы, анын келечеги чоң. Муну «Эти Бакыр Терексай» сыяктуу ири долбоордон көрүүгө болот. Бул долбоор татаал жолду басып өттү, бирок, өтө кубандырганы өз максатына жетүүгө өжөрлүк менен бара жатат. Бүгүнкү күнгө карата аталган кенде 1000ден ашык адам жумуш менен камсыз болгон, алардын 80 пайызы Кыргызстандын жарандары. Азыр кендер жана бардык инфратүзүм жаңыланууда», – деди Ишенбай Чунуев.

«Бул көргөзмө аркылуу биз Кыргыз Республикасындагы тоо-кен өнөр жайынын келечеги абдан чоң жана тоо-кен тармагындагы ар бир долбоор өзүнчө уникалдуу экенин көрсөткүбүз келет. “Эти Бакыр Терексай” – Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки алтын ылгоочу фабрикасын куруп, ишке киргизген биринчи тоо-кен компаниясы. Негизи бул Терексай аймагында түзүлгөн эң ири жана заманбап объект», – дейт компаниянын башкы директорунун орун басары Альп Тогай.

МААЛЫМДАМА: «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы «Кыргызалтын» ААК (25% үлүш) менен түркиялык «Эти Бакыр» компаниясынын (75% үлүш) биргелешкен ишканасы болуп саналат. Терексай кени – Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терексай айылында жайгашкан өлкөдөгү эң эски тоо кендеринин бири.
2015-жылдын 27-ноябрында компания Жалал-Абад облусундагы Терексай кендер тобун түзгөн Тереккан, Перевальное жана Терек алтын жана сурма кендерин иштетүү боюнча тендерди утуп алган.

Инвестор катары белгилүү “Дженгиз Холдинг” (Cengiz Holding) конгломератынын курамына кирген ири түрк компаниясы Eti Bakir A.S. эсептелет. “Дженгиз Холдинг” – Азербайжан, Болгария, Кыргызстан, Ирак, Хорватия, Өзбекстан, Румыния сыяктуу өлкөлөрдө, ошондой эле Түркияда энергетика, тоо-кен, курулуш, туризм жана башка көптөгөн тармактарда иш алып барган финансылык-өнөр жай компанияларынын тобун өзүнө камтыган ири концерн.

Бишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылдыБишкекте  "Чаткал Алтыны" аттуу фотокөргөзмө ачылды

 

Похожие новости

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын кызматкерлеринин ставкалары жана эмгек акылары 2022-жылдын январь айынан баштап 28%га жогорулайт.

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” ишканасынын коомчулук менен байланыш бөлүмү тарабынан уюштурулган окуучулар арасында дилбаян сынагы жыйынтыкталды

etibakir

Вели Гөкдере : “Бул окутуу коллективди бекемдөөгө чоң бир кадам болот, деп ишенем”.

etibakir
%d bloggers like this: