Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Эти Бакыр Терексай» тоо-кен ишканасынын башкы директору Вели Гёкдере менен жолугушту.
Ишкана жетекчиси билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика ишке берилет.
Жолугушууда кыргыз-түрк ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.
Маалымдама: Терек-Сай кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы – биргелешкен ишкана, капиталынын 25%ы – «Кыргызалтын» ААКсына, 75%ы «Эти Бакыр» түрк компаниясына тиешелүү. Ишканада 800дөн ашуун кыргызстандык жаран эмгектенет.